www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин батасын алып, жоопкерчиликти мойнуна алган адамга өз алдынча саясат жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк бербейлиби, иштеп көрсүн, ишинин жыйынтыгына карата баа берсек оң болот деп эсептейм. Бардык жоопкерчиликти алган соң кадр саясатына киришпейли, мага десе үй-бүлөсүнүн баарын кызматка коюп алсын, бирок өлкөнү экономикалык, саясий киризистен чыгарсын. Мындай сөздөрүн жазуучу Кеңешбек Айтикеев өзүнүн Фейсбук баракчасында жазып чыкты.

Анын айтымына караганда, бардык жоопкерчиликти алган жетекчи өз алдынча саясат жүргүзбөсө, оюндагы ойлонгон максаттарын ишке ашыра албайт. Ар бир жаран ар нерсени айтып жолуна тоскоол боло берсе, өлкөнү өнүктүрүү максаттарына жете албай калат.

“Менин сиздерге кайрылуумдун себеби, элдин батасын алып, жоопкерчиликти мойнуна алган адамга өз алдынча саясат жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк бербейлиби, иштеп көрсүн, ишинин жыйынтыгына карата баа берсек оң болот деп эсептейм. Бардык жоопкерчиликти алган соң кадр саясатына киришпейли, мага десе үй-бүлөсүнүн баарын кызматка коюп алсын, бирок өлкөнү экономикалык, саясий киризистен чыгарсын. Билесиңер, биздин эл иштен калпыстык кетсе жөн эле бетинен сылабайт. Ошондуктан сабыр кылып чыдап, жаңы президентке каалагандай иштөөгө мүмкүнчүлүк берели да, жакшылыкка ниет кылалы. Өлкөбүз ынтымактуу болуп, экономикабыз өсүп, элибиз жакшы турмушта жашоого жетишели.

Биз ар дайым болбогон эле нерседен күмөн санаганды адатка айлантып алганбыз, мына ошол күмөн санаганды токтотсок эле ынтымакка келебиз, өнүгөбүз өсөбүз”, - дейт Кеңешбек Айтикеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости