www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британия 2021-жылдын 11-13-июнь күндөрү «Чоң жетилик» мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда жеке форматта кезектеги саммиттин өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсондун маалымдаган.
Бул жылы «Чоң жетиликке» Улуу Британия төрагалык кылат. Джонсон саммиттин негизги темасы коронавирус пандемиясынын кесепетинен кризиске кабылган дүйнөлүк экономиканы кризистен алып чыгуу жолдорун табуу экендигин белгиледи.
Саммитти өткөрүүгө Англиянын түштүк-батыш тарабындагы Корнуолл шаарындагы Карбис Бэй курорттук айылы тандалган. Ага Австралия, Индия жана Түштүк Корея чакырылган.
Британиялык «Sunday Telegraph» гезити Улуу Британия өкмөтүнүн саммитти «АКШнын президенти Джо Байдендин Европага сапарга баруусуна негиз болот» деген үмүттөнөрүн билдирди. Ал эми Джо Байден АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө 20-январда киришет.
Өткөн 2020-жылы «Чоң жетиликтин» саммити алгач күзгө жылдырылып, кийин пандемияга байланыштуу болбой калган.
Булак: NazarNews.kg