www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгерде маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштаса, анда аларга карата катаал чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Бишкек ШИИББине кичи автобустардын айдоочуларынын арасында жумушка чыкпоо, жол тыгындарын жаратуу үчүн нааразычылык акциясын уюштуруу жана коомдук нааразычылыкты жаратуу боюнча чагымчыл чакырыктар жайылтылып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Бишкек шаарындагы социалдык абалды дестабилдештирүүнүн мүмкүн болгон көрүнүштөрүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу белгилери бар", - дейт ИИМ.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маршруттук таксилердин айдоочуларын жеке кызыкдар адамдардын жана чагымчыл ушак-айыңдардын жолун жолдобоого чакырат.
“Ошол эле учурда, айдоочулар коом үчүн эбейгесиз жана керектүү ишти жасап жатышкандыгын ар дайым эстен чыгарбашы керек, биздин жарандардын коомдук транспортто жол кырсыктарысыз эркин жана коопсуз жүрүшү үчүн чоң жоопкерчиликти моюнга алышы керек.
Коомдук транспортто жана шаардын көчөлөрүндө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген, ошондой эле жеке жана мамлекеттик менчикке зыян келтирген чагымчыл аракеттер жана мыйзамдуулукту бузган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт”, - деп билдирди Бишкек шаарынын ШИИББи.
Булак: NazarNews.kg