www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Covid-19 илдетинин мекени болгон Кытайда биринчи жолу балмуздакта коронавирустун издери табылды.
Маалыматка ылайык, вирус Тяньцзин муниципалитетинде өндүрүлгөн балмуздактын партиясынан табылган. Ошол эле учурда, өндүрүүчү компания Жаңы Зеландиядан алынып келинген кургак сүттү, ошондой эле Украинадан алынып келинген сарысуу порошогун колдонгон.
Балмуздактын партиясы учурда изилдөөдөн өтүүдө. Эпидемиологияга каршы кызматы вирусту жуктуруп алуу учурларын четтетүү үчүн продукт менен иштешкен адамдарды издөөдө. Компанияда иштеген кызматкерлердин баардыгы тест тапшырышып, арасында илдетке чалдыккандар болсо, жапырт карантинге алынат.
Лидс Университетинин вирусологу Стивен Гриффиндин айтымында, балмуздакта COVID-19 пайда болушунун себеби, цехте иштеген кызматкер вирусту сырттан жуктуруп келиши мүмкүн жана мындай көрүнүш мындан кийин кайталанбайт дейт.
Булак: NazarNews.kg