www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, министр Бейшеналиев Ош облусуна иш чапарынын алкагында барган.

Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгараарын айткан.

Жеке ишкер өз сөзүндө мындай дейт: “Калкты шприц менен камсыздап, саламаттыкты сактоого өбөлгө түзүп жатабыз. Мурда өзүбүздүн гана түштүк аймагын гана камсыздасак, быйылкы жылы республиканы камсыз кылганга жетиштик. Ал эми жакын арада медициналык кол каптарды да чыгарууну пландап жатабыз”, - дейт ишкер.

Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик жаратаарын айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости