www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-январда ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болгондо 43 жашка толмок.

Төкмө акындын кызы Айзуура Иманалиева Instagram социалдык тармагындагы баракчасына атасынын туулган күнүндө ага белек берүүнүн ордуна, бейитине барып гүл коюп келгендерин жазды.

“Мындан туура бир жыл мурун, атамдын туулган күнүнө карата жолуктук… Атам көп учурда жолугушуулары болуп, шашып турар эле. Бирок, акыркы жолугушууларыбызда тескерисинче жаныбыздан кеткиси келбей, узакка кобурашып отуруп калчу болдук. Ал күндөн көп өтпөй жаныбыздан таппай калдык. Бүгүн болсо белегибизди өзүн кучактап бергендин ордуна, ыйлап барып топуракка гүл койдук…

Жаткан жериңиз жайлуу болсун, атаке! Сиздин нурдуу жүзүңүз биздин жүрөктөрдө түбөлүккө жашайт!”, – деп жазды Айзуура Иманалиева.

Эске салсак, акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости