www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-февралда, борбор калаанын айрым жерлеринде ремонт иштерине байланыштуу ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиршти.
Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 18:00гө чейин Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу түтүгү оңдоло тургандыктан Ахунбаев, Тыныстанов, Медеров жана "Ала-Арча" суусунун ортосундагы аймакта ичүүчү суу өчүрүлөт.
Суусуз калчу мекемелер:
— QSI International school of Bishkek жеке мектеби;
— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;
— "Панацея" медицина борбору;
— Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи;
— №61 физика-математика мектеп-лицейи;
— Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
— Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Бишкек шаардык үй-интернаты;
— ABA Consulting борбору;
— Medipol медициналык борбору;
— "Тартуга" эс алуу борбору;
— Samsung дүкөнү;
— "Дента Мир" стоматология борбору;
— "Мээнет-сервис" компаниясы;
— "БГТС" ААКсы;
— Республикалык социалдык фонду;
— Скрябин 12/2 дарегиндеги отканалар;
— №3 стоматология борбору.
"Бишкек суу канал" ишканасы калаа тургундарынан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды таза суу камдап алууга чакырат.
Эгер сууга байланыштуу көйгөйлөр жаралса шаар тургундары төмөнкү номерлерге байланышса болот.
- "Бишкек суу каналы" ишканасынын нөөмөт бөлүмү: 56-03-20;
- үй ичиндеги суу көйгөйлөрү боюнча: 54-42-45, 54-42-44;
- Сүрөт фактылар болсо 0770 838458 WhatsApp номерине жөнөтүңүздөр.
Булак: NazarNews.kg