www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Жыргалбек Турускулов менен Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева АКШ Президентинин ар жылдык сый тамагына катышты. Бул тууралуу Аида Касымалиева өздүк баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымына караганда, сый тамак сенатта Президент Дональд Трамп жарыяланган импичмент боюнча акталар замат башталган. АКШ тарабынан жакында Кыргызстанга жарыяланган визалык чектөөлөрдү тезинен алып салуу кыргыз-америкалык байланыштын алдында турган өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналат.
Кыргызстандын элчилигинде өткөн жолугушууда визалык чектөөлөрдүн киргизилиши, АКШны дагы кыргыз диаспорасын да тынчсыздандырып жатканы белгилүү болду.Эске салсак, ушул тапта элчиликтин консулдук каттоосунда АКШ менен Канадада туруктуу жана убактылуу жашап жаткан 5,5 миң кыргыз жараны катталган. Иш жүзүндө алардын саны мындан дагы көп болушу мүмкүн. АКШнын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 1999-2019-жылдар аралыгында 10 миңден ашуун кыргыз мигранттарына АКШнын легалдуу жана туруктуу резиденти («грин карт») макамы берилген.
Булак: NazarNews.kg