www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарын коронавирустан коргонуу чаралары көрүлүүдө. Ага карата түзүлгөн атайын штабдын мүчөлөрү жыйын өткөрүп, соңку кырдаалдар боюнча маалымат алмашышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кызматы, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө мекемеси, аймактык башкармалыктар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Анда үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору тарабынан калк арасында оорунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды. Ага кошумча маалыматтуулукту жогорулатуу үчүн атайын баракчалар да таратылып жатканын билдиришти.
Шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун кызматкерлери тарабынан бала бакчаларда, жогорку жана орто окуу жайларында байма-бай жолугушуулар өткөрүлүүдө. Адистер Кыргызстанда, аны менен бирге Жалал-Абад шаарында вирусту жуктургандар жок экенин белгилеп, ар түрдүү такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырышты.
Булак: NazarNews.kg