www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДПчы депутат Ирина Карамушкина Чолпон-Атада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында экс-бажычы Раим Матраимовду көргөнүн жар салды. Бул жөнүндө ал фейсбуктагы баракчасына пост жазып, анда Р.Матраимовду атайын кызматтар эмне үчүн кармабай жүрүшкөнүнө кызыккан.

- Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Раим- “кембагал” Матраимов өзү келди. Алдепутаттар жанаӨкмөт мүчөлөрү менен кекирейе кол алышып учурашып өтүп, VIP орундарга олтурду....Коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик чөнтөкчүлөр жана паракорлор жеңип жатышат. Менин Башкы прокурорго жана бардык прокурордук кызматкерлерге, УКМКнын төрагасы менен АКСтин директоруна кайрылуум:силер эмне үчүн Президенттин алдына Матраимов боюнча кылдат иликтөө жүргүзүү маселесин койбойсуңар?Башкы прокуратура менен АКСке уят! – дейт Карамушкина.

А бирок, Раим Матраимовго азырынча эч кандай кылмыш иши козголбогондуктан, ал бардык жарандардай эле ээн-эркин жүрүүгө укуктуу экенин Ирина Юрьевна айткысы келбегендей.

Ушул эле Карамушкина мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда канчалаган жемкорлор мамлекеттик бийик постторду ээлеп, бийликтин бардык тармактарында кымыруулар менен беш колду матырган жеп-ичүүлөрдү гүлдөтүп жатканда кайда эле?

Жол курууга, ТЭЦ оңдоого, ЛЭП тартууга деп сырттан карыздап келген каражаттарды Ак үйдөгү үлкөндөр миллиарддап жеп жатышканда үнү чыкчу эмес эле го? КСДПнын прламенттеги тизмесин ууру-кески, жемкорлор, рейдерлер толтуруп жатканда кайда жүрдү эле? Мурунку бийликтин ишенген ошол үлкөндөрү, Карамушкина менен күн сайын кучакташып учурашып жүргөн чиновниктер бүгүн четинен жемкорлук боюнча кармалышууда.

Белгилей кетсек, Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйөө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алынган.

26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковду сотко берген.

Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган. Бул чечим Өкмөттүн аппеляциясы менен кийинки инстанцияда каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости