www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Раззаков өзүнүн берген арызына ылайык, вице-премьер-министр кызматы менен кош айтышты. Президент Сооронбай Жээнбековдун тийиштүү жарлыкка кол койду. Раззаковдун ордуна так ушул таптарда Жогорку Кеңеште Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган Акрам Мадумаров каралууда.  

Акрам Мадумаров 1977-жылы 29-июнда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында төрөлгөн.

Билими:

  • 1999 — Кыргыз агрардык университетин бүтүргөн;
  • 2013 — КР Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияcын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1999 – 2005 — Кыргыз агрардык университетинин аспиранты, ассистенти, улук окутуучусу;
  • 2006 – 2008 — КР Президентинин Иш башкармалыгынын өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти;
  • 09.2008 – 07.2009 — КР президентинин Иш башкармалыгынын түштүк резиденциясынын директорунун орун басары;
  • 07.2009 – 01.2013 — КР президентинин Иш башкармалыгынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
  • 01.2013 – 04.2013 — Баткен облусундагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин милдетин аткаруучу;
  • 04.2013 – 06.2017 — Баткен облусундагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким;
  • 06.2017 – 09.2017 — КР президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 09.2017 – 04.2019 — КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
  • 2019-жылдын 1-апрелинен тарта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

 "Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" чини бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости