www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробеков, «медицина кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруудагы эмгегин көрүп мен Комендант катары жогору баалап жатамын» деген пикирин айтты.

--Урматтуу мекендештер, азыркы учурдагы түзүлгөн шарттарга, өзгөчө абал тартибин мүмкүн болушунча түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуу бололу. Бүгүнкү күндө оору чыккан уюгунда өз өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салып иштеп жаткан медицина, санитардык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматкерлердин эмгеги эбегейсиз зор. Ооруга чалдыккандарды аныктоо, аларды дарылоо алар менен ошол процессте чогуу болуунун өзү да кыйынчылык. Бул илдетке, сыноого баарыбыз биринчи жолу кабылып жатабыз, бирок ошого карабастан медицина кызматкерлеринин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы эмгегин көрүп мен Комендант катары жогору баалап жатамын. Учурдун талабы элдин саламаттыгы алдыңкы орунда турат андыктан - "Дени сак улут, дени сак өлкө" демекчи, "Мамлекеттин башкы байлыгы бул - элдин саламаттыгы", - деди Жеңиш Жоробеков.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 13-апрелден 14-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында  баары болуп – 23 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү.  Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 1261 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган. Жалал-Абад шаарынан - 6 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 81 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 95 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости