www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 15-апрелинен 16-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 24 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 1343 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 3 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 59 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 88 автоунаа айып аянтчасына коюлган.
"Жаз жарыш күз күрөш", "жаздын бир күнү жылга тете" - демекчи айыл- чарба иштери токтобошу керек. Дыйкан жана фермерлерге чарба техникаларынын тоскоолсуз өтүшүнө көмөктөшүүдөбүз", - деди Жеңиш Жоробеков.
Булак: NazarNews.kg