www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
—Жеңишбек Өмүргазиевич, кечээки Айт намазда төрага Дастан Жумабековдун сүйлөгөн сөзү коомчулукта ар кандай пикир жаратууда. Сиз кандай комментарий бересиз?
—Дастан Жумабековдун сүйлөгөн сөзүнүн толук текстин чыгарбай ичинен бир-эки сүйлөмдү үзүп алып коомдук талкууга алуунун өзү туура эмес. 30 миңге жакын мусулмандар намаз окуп жаткан жерде Дастан Артисбекович башка эмнени сүйлөйт эле? Ошол жерден спикер сүйлөгөнчө алдыда дин өкүлдөрү баян айтып «уурулук кылбай, ушак айтпай ыймандуу бололу» дешкен. Артынан төрага сүйлөп муфтияттын өкүлдөрүнүн айткан баянын аткарсак өнүккөн өлкөгө айланаарыбызды билдирип, мусулмандардын ыйык парызы болгон ажылыкка баруу баарыбызга буйрусун деди. Ажылыкка барып, ыйманыбызды бекемдесек кимге зыян? Анан саясатчы экен деп эле баскан турганынын баарынан саясат жасай бергендин өзү туура эмес. Мен дагы ошол жерде тургам. Чыныгы ыйманы бар адам айланасына зыян кылбайт, уурулук жасабайт, тонобойт. Дастан Артисбековичтин сөзүнөн элибиз чыныгы ыйманды карманып, өнүгүүгө жалпыбыз бет алалы дегенди эле түшүндү. Ашыкча талкууга алып, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, жумурткадан кыр издей бергендин өзү туура эмес.
Булак: "Де- факто"