www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады.
Аялдар көп сүйлөй турганчалык убакытын унчукпай өткөрсө, анда эркектер баардык бакытын колдон кетириптир дегендик.
Аялзатын менчелик түшүнгөн жан болбосо керек. Себеби мен да алар жөнүндө эч нерсе түшүнбөйм.
Эң сүйүктүү аял-күйөөсүн багымдатка ойготкон аял.
Эң жаман эркек- аялын чапкан эркек.
Бир аялдын пикирин оңдойм десең, анын пикирин колдошуң керек.
Бейиште кезинде эле Обо энебиз, Адам атабыздын кабыргасын күндө санайт. Себебин сураса, Кудайым мага окшош дагы бирөөнү жаратып койбоду бекен деп кызганчу экен.
Аялдар бир нерсе болсо дароо ыйлап киришет. Кызыгы эч нерсе болбосо деле ыйлашат.
Аялды тепкенге бир гана курсагындагы наристенин акысы бар. Аял баарысын кечирет.
Бирок эч качан унутпайт. Алла Таала даанышмандыкты, аялдын жүрөгүнө койгон.
Анткени аялдын даанышмандыгынан чыккан жемиштери, мээрим менен сүйүүгө жуурулушкан.
Дүйнөнүн эң сулуу аялзаты турмушка чыккандан кийин катардагы эле жөнөкөй аялдардын ордун толуктайт.
Адаттагыдай эле, кызыксыз эркектин артында керемет бир аялзаты бар.
- Аялдар болбосо эркектер эмне болмок эле?
-Кудай сактасын дефицит болмок, дефицит.
Асмандын жарымын аялдар көтөрүп жүрүшөт.
Аял сырдуу китеп сыяктуу. Эми окуп бүттүм десең жаңы барагы башталат.
Аялдар эркекке айта тургандарын көз менен айтышат.
Жеңилбес хандардын, баатырлардын аянычтуу жеңилүү ызаасынын автору аялдар болушкан.
Аялзаты энеге айланганда, андан күчтүү эч ким болбос.
Бир өлкөнү бир падыша башкарат. Падышаны болсо бир аял.
Эгер аялдар болбогондо, дүйнөдө акчанын эч бир баркы калбайт эле.
Аялга: 24 саат бою сени ойлодум десең, калган убакытта кимди ойлодуң дейт.
Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
Булак: NazarNews.kg