www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелген 59 жаштагы Айнагүл Жумабаеваны милиция издөөдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-январь күнү билдирди.

Алардын айтымында, 2019-жылдын 15-июнунда Бишкектеги Ленин РИИБсине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал “Ак-Ордо” конушунан жер тилкесин алып берем деп 308 миң сомду алып, ошол бойдон жок болуп кеткен Айнагүл Жумабаевага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.  Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери Ж.А. 1961-жылы туулгандыгын аныкташкан.

Ленин РИИБнин тергөө кызматы тарабынан 1961-жылы 15-январда туулган Нарын облусунун тургуну Ж.А. издөө жарыяланган.

Азыркы учурда милициянын кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүүнү издөө иштери жүрүүдө.

Милиция жогоруда аталган жаран тууралуу маалыматтар болсо 102 жана 0(551) 102-129, 0(555) 102-670, 0 (700) 396-505, 0(555) 102-898  номерлерине кабарлап коюуну суранат.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости