www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жол азабы – көр азабы” дегендей, 15-20 жыл мурун салынган Бишкек – Ош жолунун тамтыгы чыгып, машина менен жүрүүгө такыр болбой калган эле. Мына кечээ жакында айдоочулардын үнү кудайга жеттиби же министрге жеттиби, ким билсин. Төө-Ашууда оңдоп-түзөө иштери башталды.

Азыркы тапта өтө талкаланган аймактарда үстүңкү катмарын кырып, жаңы асфальт төшөгөнгө даярдалып жатыптыр. 28-майда транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов барып таанышып келди.

Ушул убакка чейин неге эле оңдоо иштери башталбай жатат десе, көрсө жер жылый элек имиш. Ушундай да болот экен. Кычыраган кышта деле премьер-министр өтөт деп иштерин жүргүзбөдүңөр беле же унуттуңарбы?

Булак:”Фабула”

Последние новости