www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-апрелге дайындалган 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укугу бар жарандардын алдын ала тизмеси шайлоо участкаларына илинди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси 10-февралда “Тизме” мамлекеттик порталына жайгаштырылган.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укугу бар жарандардын саны 3 млн 304 миң 485 шайлоочуну түзөт. Алардын ичинен – 1 млн 580 миң 631и аялдар, 1 млн 723 миң 854ү мырзалар.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси 1-апрелде түзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости