- «Республика-Ата-Журт» фракциясы өткөн парламенттик шайлоодо бир фракцияга топтолгон. Ташты жарып, жакшы добуш менен чыккан бул фракция Ташиевге тосулган «бычак уруулардан» соң, Ош Кеңешине болгон 2016-жылдагы шайлоолордо бул фракция экиге бөлүнүп, «Республика-Ата-Журт» өзүнчө, «Ата-Журт» өзүнчө жарышка чыгышкан. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековдун талапкердигин колдоп кетип, Бабанов менен болгон так талашта, таразанын ташын Жээнбековго оодарып жиберген. Анткени, Жээнбековго Путин, Бабановго Трамп көз салып турган. Путинге тиш салып, бирок Жээнбековду колдой тургандар да болгон. Ошолордун бири Чубак Жалилов «Республика» партиясын эми колдоого ала турган болду. «Республиканы» колдоп жүргөн «атакеси» Бабанов жээни Жээнчороевке өткөзүп берген. Молдокелер колдой баштаса, бул партиянын электораты өзгөрүлүп, Бабановду колдоп жүргөн «теңирчилер» Чубак ажыга каршы позицияга өтүшүп, Чубак ажыны колдогон фанат-мусулмандар «Республиканы» колдошор. Бирок азыркы учурда кээ бир агымдары кайрадан караңгылыкка жетелеп, бүгүнкү жакшылыктарды танып бараткан фанат-мусулмандардан шайлоодо пайда деле жок, анын ордуна Путинге да, Трампка да кол шилтеп, арабдарды көп жактырбаган «теңирчилер» Бабановду 2017-жылдагы президенттик шайлоодо жакшы колдоп беришкен.
- Мамлекеттик масштабдагы чоң салгылашка чыга элек «Мекеним Кыргызстан» катарына «Кыргызстанды» кошуп алыш мүмкүнчүлүгү бар. Бул Атамбаевдин «кулдук тизгининен» бошонгон «Кыргызстандын» аркада кадырын арттырып: Токмок жана башка тиешелүү аймактарда упай топтоп, ал эми «Мекеним Кыргызстандын» анжияндык электоратта тизгинди чоюуга мүмкүндүк берет. Арканы «Кыргызстанга» көздөткөн «Мекеним Кыргызстандын» кадамы Ош Кеңешинде арышталып, алдыңкы орундарды алышы мүмкүн. «Мекеним Кыргызстан» кошулган «Кыргызстан» барабар «Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан» болмок беле,«Мекеним Кыргызстан» эле болот.
- Ош Кеңешине боло турган шайлоо бүгүнкү шайлоолордун тузу болору бышык. Ошко мэр болуп дасыгып калган Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясынын «эски журттан калган» жалган айыптоосу официалдуу алынып бүтө элек, бул шайлоодо «кызыл жарык» береби, же «жашыл жарык» береби, электорат чечет. Атамбаевдин запкысын көргөн «Улуттар Биримдиги» партиясы канчага запкы тартат?
- Дайыма биринчи орундарды сыдырып келаткан СДПК, шайлоо алдындагы өөлөш-жөөлөштөрдөн аксап бараткандай. Бул СДПК менен бийликке келген бир топ кадрлардын башка партияларга өтүшүнө жол ачты. Бирок, «Жол тандабас» мингендер Жергиликтүү шайлоолорду басым кылган жок. Алардын көздөгөндөрү парламенттик шайлоо. Ошондуктан, СДПКны бөлө чапкандар Жергиликтүү шайлоолорго аттанышы мүмкүн,бирок мурункудай жарык чачып турган «күнү» жок.
- «Өнүгүү-Прогресс», «Бир бол», «Ата-Мекен» парламенттик партиялар. Булардын жергиликтүү шайлоолордо чуркай турган шарттары бар.Бирок негизги күчтү парламенттик шайлоолорго топтошот. Анын үстүндө бул парламенттин колуна парламенттик тосмону 9 пайыздан 7 пайызга чейин түшүрүү мүмкүнчүлүгү болот.
- «Бүтүн Кыргызстан», «Биримдик», «Эмгек», «Ак Шумкар» жана башка эки жүз элүүдөн ашык партия бар, булардын көпчүлүгү Жергиликтүү шайлоолорго аттанышат. Ким шайлоого аттанса да иштерине ийгилик каалайлы!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg