www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолугушту, ошондой эле жолугушууга Бишкек ШИИББнин жетекчиси милициянын полковниги Канат Джумагазиев жана ИИМдин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары милициянын подполковниги Эльмира Исакова катышышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жолугушуунун максаты болуп Кыргыз Республикасынын ИИМи менен Катар мамлекетинин  ортосундагы мындан аркы кызматташуусу тууралуу маселелерди талкулоо эсептелди. Жолугушуунун башында ИИМ башчысы элчини ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Андан сырткары эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн маселелер талкууланып, өз пикирлери менен бөлүшүштү. Ошондой эле, кыргыз-катар мамилелерин мындан ары бекемдөө тууралуу маселелер каралып, тараптар укук коргоо түзүмдөрүнүн эки тараптуу кызматташууларынын учурдагы деңгээлин жогору баалышып, аны өнүктүрүү боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Жолугушуунун аягында ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев көп жылдардан берки достук мамиле министрликтердин эки тараптуу кызматташуусун бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө жардам берээрин билдирди.

Жолугушуу өтө жылуу, достук мамиледе жана бири-бири түшүүнүү менен иштиктүү чөйрөдө өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости