www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү кеңешти шайлоодо биринчи жолу дебаттар болот

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоодо саясий партиялар жана талапкерлер арасында алгач ирет теледебаттар өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын 19-февралдагы жыйынында кабарлады.

Анын айтымында, дебаттар талапкерлер тууралуу кеңири маалымат берген үгүт иштеринин бир түрү болгонун далилдеди. Азыркы тапта дебаттар ар кандай темада өтөөрү же бирдиктүү коюла турган талаптар, мазмуну талкууланып жатат.

Ошондой эле, жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда үгүт материалдарын майыптыгы бар адамдарга ыңгайлаштырып чыгаруу талабы да коюлууда. Маселен чыккан материалдардын бир проценти Брайл шрифти менен басылып, көзү начар көргөндөргө аудио форматта, кулагы начар уккандарга видео роликтерге сурдокотормочу берилиши керек. Бул ирет үгүт насаат учурунда көчөдө, спорттук аянтарда элди чогултууга тыюу салынат.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Былтыр апрелде Кыргызстанда мөөнөтү бүткөн беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жараяны коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган эле. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости