www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Судьялар кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштар киргизилген.

Конституциянын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык, Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыктарга кол койду.

Биринчи жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төмөндөгү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду жана алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат орундарынан бошотулду:

  • Кайсын Абакиров;
  • Авчи Алиев;
  • Аманбек Сариев.

Экинчи жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулунун ыйгарым укуктары токтотулду.

Ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызмат ордунан бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости