www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы облусунда Жунгар Алатауго экспедиция жасаган туристтерге кол салуу болду. Окуя тууралуу Kazakh Tourism улуттук компаниясы Фейсбуктагы расмий барагына жарыялады.
“ Алматы облусундагы Капал айлында экспедиция мүчөлөрү дүкөнгө суу алуу үчүн барган маалда жергиликтүү жашоочулар кол салышкан. Экспедиция курамында казакстандык жана чет өлкөлүктөр болгон. Туристтерге кол салууну кыжырды кайнаткан факт деп эсептейбиз. Бул аймактын имиджине терс таасирин тийгизет жана туристтерди тартуу боюнча аракеттерибизди текке кетирет ”, – деп билдирди Kazakh Tourism.
Туристтерге кол салуу боюнча “Бейбаштык” беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.
Kazakh Tourism компаниясынын маалыматы боюнча экпедиция курамында тележурналисттер, туроператор өкүлдөрү, чет өлкөлүк жана казакстандык блогерлер: Кай Гроссманн – швейцариялык сүрөтчү, британ саякатчысы жана сүрөтчүсү Жэк Хардин, казакстандык блогер Андрей Кулагин бар. Экспедициянын жыйынтыгы менен Казакстандагы туристтик жайлар тууралуу атайын программа даярдалып, Kazakh TV телеканалында көрсөтүлөт.
Булак: "centralasian.org"