www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-январда “Жерүй: кѳйгѳйлѳр жана чечүү жолдору” аталышындагы тегерек стол ѳттү. Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, «Кыргызалтын» ААКнын ѳкүлү, КР Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ѳкүлү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эксперттер, жарандык активисттер, Талас облусунун тургундары, кайдыгер эмес жарандар катышышты.

Тѳмѳнкү маселелер талкууга алынды:

-          2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча ѳткѳн конкурстун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгү;

-          Жерүй алтын кениндеги Кыргыз мамлекетинин үлүшү;

-          Жер казынасы жѳнүндѳгү мыйзамга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү;

-          Жана башка ар кыл маселелер

Тегерек столдун катышуучулары окулган баяндамаларды, катышуучулардын пикирин угуп, талкуулап,

-          Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун тоо-кен тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү аракетин колдоп,

-          Жерүй алтын кени мурунку бийликтин ѳкүлдѳрүнүн учурунда Кыргыз элинин, Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына каршы шартта берилгенин баса белгилеп,

-          2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча ѳткѳн конкурстун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгү күмѳн ойлорду жараткандыгын белгилеп,

-          Жерүй алтын кенинде Кыргыз мамлекетинин үлүшү жоктугун чыккынчылык деп баалап,

-          Аракеттеги Жер казынасы мыйзамынын мүчүлүштүктѳрүн эске алып,

-          Экология жана коопсуздук, түзүлгѳн фонддордогу каражаттын сарпталышы Талас облусундагы жергиликтүү тургундардын тынчсыздандыруусун жаратып жаткандыгын эске алынды.

Тѳмѳндѳгү сунуштарды тиешелүү бийлик бутактарына сунуштайт:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине:

  а) Жерүй алтын кенинде Кыргыз мамлекетинин үлүшүн милдеттүү шартта болушун камсыз кылуу;

  б) Жерүй алтын кениндеги экология жана коопсуздук маселесин, түзүлгөн фонддордогу каражаттын сарпталышын, жумушчулардын укуктарын кѳзѳмѳлгѳ алуу;

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине:

   а) 2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча ѳткѳн конкурстун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгүн текшерүү максатында мамлекеттик комиссия түзүү. Курамына сөзсүз түрдө адис эксперттер, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер жана жергиликтүү тургундар киргизилсин.

   б) Жер казынасы мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизип, мыйзамда тоо-кен тармагын иштетүүдѳ, мамлекеттин үлүшү милдеттүү түрдѳ болушун камсыз кыла турган беренелерди киргизүү;

3. Республикасынын Башкы прокуратурасына:

    а) 2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча ѳткѳн конкурстун мыйзамдуулугуна жана адилеттүүлүгүнө укуктук баа берүү;

4. «Жерүй: кѳйгѳйлѳр жана чечүү жолдору» аталышындагы тегерек столдун   

резолюциясын элге тааныштыруу максатында Талас облусунда Элдик Курултай өткөрүлсүн.

Резолюция тегерек столдун катышуучуларынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости