www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанга инвесторлордун келбей жатышынынын айрым себептери - өлкө тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан терс маалыматтар менен митингдер деп эсептейт.

Бул тууралуу ал бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып айтты.

“Биз жарым жылдан бери инвесторлорду «Кыргызстанга келгиле, силер үчүн бейиш даярдап койдук» деп калпты-чынды кошуп айтып чакырып жатабыз. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарын, башка жакты карасак деле «кокуй, Кыргызстан өлдү, Кыргызстан жаман, артка кетти» деп жатсак бирөө келеби? Мекенчилдик кылып «Кыргызстан жакшы» деп анча-мынча болсо да аралаштырып сүйлөбөйлүбү? Башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде элдин жашоосу кудайга шүгүр. Инвесторду көрсөк эле «ууру-кески келди, биздикин уурдаганы жатат» деген мамилеге өтүп алдык”,-дейт Боронов.

Ал Бишкекти каптаган кара түтүн үчүн да, майда-барат маселелер боюнча да митингдерди уюштура берип инвесторлор Кыргызстанга акчасын салуудан коркуп жатканын айтып, аларга мамилени өзгөртүүгө чакырды.

Мындан сырткары, Боронов Кыргызстанда элдин жашоо шарты кыйла жакшырганын билдирип, учурда эл бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларга ат, эшек минип келбей машине айдап келип калганын мисал кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости