www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөгө белгилүү жети кереметтин бири Таж-Махал чөгүп баратат. Ямуна дарыясынын денгээли легендарлуу мавзолейдин дубалдарына чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу МИР 24 билдирди.

Суу буга чейин Таж-Махалдын дарыянын жээгинде жайгашкан бакчасын каптаган. Бул 45 жылдан бери биринчи жолу болду. Суу күмбөздүн жер төлөсүнө чейин кирип кетиши мүмкүн, бул 17-кылымдын ортосунда тургузулган имараттын пайдубалына кооптуу. Дарыянын ташкыны азыр Аградагы башка тарыхый эстеликтерге да коркунуч жаратууда.

"Бул жерде бардыгын суу каптап жатат: кир суулар храмга, үйлөрүбүзгө кирип, короолорду каптоодо. Бул адамдар жана имараттар үчүн чоң көйгөй. Имараттардын пайдубалын жууп, алар урап калышы мүмкүн", - деди храмдын дин кызматчысы Талман Сундер Дубей.

Акыркы жолу 1978-жылы Йамуна дарыясы Таж-Махалды каптаган. Ал учурда храмдын 22 жер төлөдөгү бөлмөсү суу астында калган. Андан кийин дарыянын жээгине дамба курулган. Бирок азыр суунун көтөрүлүшү коопсуз деңгээлден бир жарым метрден ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости