www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Варшавадагы элчиси Сергей Андреев Орусиянын президенти Владимир Путиндин Польша тууралуу билдирүүлөрүнөн кийин Польшанын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу 22-июлда аталган өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Павел Яблонский билдирди.

«Ишемби күнү саат 10:00дө (Бишкек убактысы боюнча 8:00) Орусиянын элчиси шашылыш түрдө Тышкы иштер министрлигине чакырылды», — деп айтылат Польшанын басма сөз агенттигинин сайтында.

Яблонский элчи Андреев Путиндин билдирүүсүнөн, ошондой эле Россия Федерациясынын Польшага жана башка союздаштарына каршы достукка жатпаган аракеттеринен улам чакырылганын белгиледи. Орус дипломаты менен жолугушуу өтө кыска болгону белгиленген.

21-июль күнү Путин Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен жолугушууда Тышкы чалгын кызматынын (СВР) директору Сергей Нарышкинге Польшанын Украина боюнча пландарына байкоо жүргүзүүнү тапшырган. Орус лидери ошондой эле Сталиндин позициясынын аркасында Польша батыштан көптөгөн жерлерге ээ болгонун эске салып, эгер Варшава муну унутуп калса, Орусия эскерте турганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости