www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаш ишкерлер ассоцияциясы (ЖИА) жемкор саясатчылар менен бирге курулуш тармагы баш болгон кирешелүү булактарды ээлеп, Кыргызстандын бизнес чөйрөсүн барымтага алганы байкалат. ЖИАнын ишмердүүлүгү Түркиянын бизнес тармагынын чаңын чыгарган TUSKON уюмун эске салат. Анда TUSKON боюнча кыска маалыматка көңүл буруңуз.
2005-жылы Стамбулда түзүлгөн ТUSKON “Түркия Ишкерлер жана Өнөр жайчылар Ассоциациясынын” кыскартылып берилиши. Ички жана тышкы соодага багытталган иш аракеттери менен белгилүү болгон TUSKON 150 ишкерге таандык фондду ичине камтып турган. Түркияда террористтик уюм деп табылган Фетхуллах Гүлен Террористтик Уюмуна (FETÖ) жакындыгы менен белгилүү болгон.
Фетхуллах Гүлендин тобу ТUSKON аркылуу Түркияда бизнес дүйнөсүнө тузак салып, кызарган жерди үзүп алып турган. Ошондой эле бул уюм чет өлкөлөрдө да FETÖ үчүн киреше алып келип турганы менен да белгилүү. Мисалы, Гүлен уюму Брюссел, Вашингтон, Москва, Пекин жана Аддис-Абеба шаарларында жайгашкан кеңселеринде чогултулган “химмет” (акчалай жана материалдык каражаттар) жана башка салык кирешелерин ТUSКОН аркылуу батыш мамлекеттериндеги борбордук штабдарына жөнөтүп, акчасын адалдап турган. Кыскача айтканда, Фетонун каржылык системасы ТUSKON аркылуу ишке ашкан. Булар мусулман түрк ишкерлери деген ат менен мамлкеттин колдоосуна ээ болуп, дүйнөнүн булуң-бурчуна барып Түркиянын атынан каалаганын жасашкан. Бул уюумдун негизги максаты жана кимге кызмат кылгандыгы айдан ачык. Булар Фетхуллах Гүлен тарабынан Америкадан башкарылып турган.
Стамбул прокуратурасы 2016-жыл 15-июлдун кечиндеги төңкөрүш аракетинен кийин Гүлен уюмуна байланышы бар TUSKONвун мүчөлөрүн кармаган. Кармалгандардын катарында ТUSKONдун башчысы Рызанур Мерал, анын жубайы Зейнеп Мерал жана көп сандагы таанымал ишкерлер болгон. TUSKONдун мүчөлөрү FETÖ жетекчилери менен чогуу пландарды ишке ашыргандыгы, 2016-жылдын 15-июлунан 16сына караган түнү болгон төңкөрүш аракетине чогуу катышкандыгы жана андан кийин да Фетхуллах Гүлендин буйруктарын аткаргандыгы үчүн кармалган.
Булак: NazarNews.kg