www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жипариса Көчөрбаева: “Цензура - биздин каныбызда...”

"Гүлнур Асанованын социалдык тармактан "аталаш бир туугандар баш кошсо болот" деп жазганын окуп шок болдук", - деди бүгүн, 24-февралда NazarNews маалымат агенттигине КРнын эмгек сиңирген артисти Жипариса Көчөрбаева.

- Коомчулуукта талкууга алынган Гүлнур Асанованын чуусу маданияттын жүзү катары сизди дагы кайдыгер калтырбагандыр...

- Гүлнур Асанованын социалдык тармактан "аталаш бир туугандар баш кошсо болот" деп жазганын окуп шок болдук. Коомчулукка өзүнө резонанс жаратайын дедиби же кимдир бирөөнүн акылына курал болуп берип жатабы, кандай ой менен айтканын түшүнбөй турам. Акылга сыйбагандык. Кыргыздар илгертен жети атасын тактап, балдарын үйлөнтүп келген.

Мында кыргыздын философиясы, дегеле улуттун тазалыгы жөнүндө сөз жүрүп жатат. Мектепте окуп жүргөндө биология сабагында мугалимибиз: “жакын тууган адамдар үйлөнсө, куйруктуу балдар төрөлөт” деп айтканы бар. Бул сөз кулагымда калып калган. Ген деген ыйык нерсе, аны бапестеп кармабаса, мына ошондон улут бузулат.

Башка улуттарды начар деп айтыштан алысмын, эмне себептен кыргыздын каны таза болгон, Ушул суроого келсек, кыргызымдын тазалыгы, нукуралыгы мына ошол жети атабызды сүрүштүрүүдөн келип чыгат.

Гүлнур Асанованын жогорудагы сөздөрдү сүйлөп коюу оозуна келгенди оттогондукка жатат. Маданияттын күзгүсү, элге көрүнүктүү адам болгон соң, мындай нерсени шалпып айта бергенге жол бербеш керек. Кыргыз элин бөтөндөргө уят кылып, бизди кордогонго жатат.

Асанова кыргыз элибиздин тазалыгыбызды, улуулугубузду жаманатты кылып жатпайбы, токтотпосо болбойт. Бул ой эмес, бул-бузукулук.

- Гүлнур Асанованын маданият кызматкери катары талкууга алынып кетти. Маданият министри кимдир бирөөгө арыз жаздырбай эле чара колдонушу керекпи?

- Мисалга өткөн жолу дагы бир ырчы балабыз уяттуу сөздөрдү айтып уят болбоду беле. Жигиттик намыс ойгондубу, айтор эл алдына чыгып кечирим сурады. Ал жаштык кылды десек, бир топко чыгып калган жигит экен. Гүлнур Асанова дагы бир топко чыгып калган аял.

Ар бирибиз айткан сөзүбүзгө жооп бергидей болсок. Эми биз маданият министрин “андай-мындай” кылып тый" деп айта албайбыз, бизде цензура жок. Ал эми цензцура - өзүбүздүн каныбызда.

Кыргыз өздүгүн, нукуралуулугун сактап калуу үчүн кыргыз баалуулуктарды дембе-дем жаштарыбызга жана келечек муунга жеткирип туруу биздин милдет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости