www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Теңиз Бөлтүрүктө эки гана жол бар”, - деди бүгүн, 24-февралда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.
- Бейшенбек агай, Теңиз Бөлтүрүктүн кумтөрдөн кетип, башка кызматка барганынан “Кумтөрдө” абал кооптуу окшойт деп чоочулай башташты. Ал жооптуу кызматка бардыбы же иштин нугун башка жакка бурула баштадыбы?
- Теңиз Бөлтүрүктө эки гана жол бар. Биринчиси “Көчмөндөр мурасына” барып Кыргызстан боюнча кен байлыктарды иштетип, кызматы жогорулап баарын өзү башкарат.
Экинчиси, эгерде ичип жегени билинип, коррупцияга малынса анда иш козголот.
Бирок, мени сүйүнткөнү эл аралык дээңгелде башка мамлекеттерге Кыргыздар өздөрү “Кумтөрдү” иштете алат экен деп аброюбузду сактап калганыбыз болду.
Кудай буюрса, мындан ары бүт кен байлыктарды намыс үчүн өзүбүздүн иштетишибиз керек. Кен байлыктарды өзүбүз иштетсек, Кудай колдоп, жер астындагы алтындын саны да көбөйөт.
Булак: NazarNews.kg