www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-февралда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында – Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин Парламент-аралык асссамблеясынын (ПАА) баш ордосунда – КМШ ПААсынын бюджет-көзөмөл комиссисынын жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Азербайджан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия жана Таджикстандын парламент өкүлдөрү менен кошо КМШ ПАА кеңешинин жооптуу кызматкерлери катышты.

Жыйындын катышуучулары Парламенттер аралык ассамблеянын ишмердүүлүгүн учурдагы каржылоо маселелерин, анын бюджетинин аткарылышы талкуулашты. 2021-жылы жана 2022-жылдын биринчи кварталында КМШ ПААга мүчө мамлекеттерден үлүштүк төгүмдөрдүн түшүүсү, ошондой эле 2023-жылы КМШ ПААнын ишин каржылоого үлүштүк катышуунун өлчөмү жөнүндө маалымат каралды. 

Парламенттер аралык ассамблеянын туруктуу комиссиялары жөнүндө жобого ылайык, комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо өттү. Комиссиянын жакынкы үч жылдагы ишин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Искендер Матраимов жетектейт. Анын орун басарлары болуп Беларусь өлкөсүнүн Улуттук Жыйынынын Эл аралык иштер боюнча өкүлдөр палатасынын туруктуу комиссиясынын мүчөсү Валентина Назаренко, Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Бюджет жана финансы рыногу боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Елена Перминова болду.

Беларустун Улуттук жыйынынын Эл өкүлдөр палатасынын эл аралык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Валентина Назаренко жана Орусиянын Федерация кеңешинин бюджет жана каржы рыноктор боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Елена Перминова Матраимовдун эки орун басары болуп шайланды.

Парламент-аралык ассамблеянын 2022-жылга түзүлгөн иш планы такталды жана жактырылды. Андан тышкары, бюджет-көзөмөл комиссисынын 2021-жылдагы ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылып, КМШ ПААсынын каржы маселелери менен байланышкан КМШ ПААсынын кеңешинин чечимдеринин долбоорлору талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости