www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-февралда Президенттин жарлыгына ылайык Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандан кийин өзүнүн пикирин социалдык тармакка жазып чыкты.

Урматтуу мекендештер!

Мен, ушул күнгө чейин, көп жылдар бою мыйзам чыгаруу бутагында эмгектенип келдим. Менин депутаттык ишмердүүлүгүмө шайлоочуларым жана кыргыз элим баа берээр. А бүгүн, мен өз күчүмдү аткаруу бийлигинде сынап көрүүнү чечтим. Менин чечимимди президентибиз Садыр Нургожоевич колдоп берди. Мындайча айтканда, мага бийик ишенич көрсөттү. Ошол ишеничти толук актоого бүт күчүмдү жумшайм. Кайсы тармакта, кайсы кызматта болбойун, менин максатым дайыма элиме ак кызмат кылуу, - деди "Альянс" партиясы менен коштошуп "гүбүрнаторлук" кызматка кадам койгон Алтынбек Сулайманов. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Эске сала кетсек, мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда, жаңы дайындалган Президенттин региондогу ыйгарым укуктуу өкүлүн кабыл алып, анын алдына аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык  өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости