www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынан Исмат Бегжанов жалпы кыргызстандыктарга Орусиядан кайрылуу жасады.
Саламатсыздарбы кыргыз элим. Мен сиздерге Россия Федерациясынан кыскасы кайрылып кетүүнү туура көрдүм.
Россия менен Украинадагы болуп жаткан кырдаалга биздин кыргызстандык мекендештерибиз күчтүү политолог, эксперт болуп кеткен сыяктуу. Эл аралык саясатка түшүнгөнү деле түшүнбөгөнү деле социалдык тармакта талкуу кылып жазып жатышат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Силерден суранам, азыркы болуп жаткан кырдаалга аралашпагыла дагы көрбөй эле койгула. Бүгүн Россияга каршы чыгып, үн каткан Бейөкмөт уюмдар Москванын өзүндө 1 млндон ашык мигрант бар. Ушулардын келечегине балта чаппай жөн эле үйдө олтуруп тургула. Кожоюнуңарга эптеп отчет берүүнүн амалын кылып бүгүн чыга калдыңар. Улан Үсөйүнгө айтаарым өзүңөрдүн жеке кызыкчылыгыңарды ойлобостон бул жактагы Мекендештердин тагдырын ойлоп койгула. Өзүбүз бул жакта араң жүрөбүз.
Өзбекстан менен Казакстандын жарандары азыркы окуяны талдап талкуулап жатканын көрдүңүздөрбү? Баягы эле кыргыздар өзүбүзчө эле акылдуубуз. Карылар дагы жаштар дагы акылдуу болуп жазып жатат. Биз өзүбүздүн саясатты сүйлөйлү. Кудай берген алакандай Кыргызстаныбыз бар. Сиздерден сураныч бири-бирибизге жаман көрүнбөйлү, эки мамлекеттин ортосундагы кырдаалды Фейсбукта жазбай тынч олтуруп туралы, деп кайрылды активист Россия Федерациясынан Исмат Бегжанов.
Булак: NazarNews.kg