www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, Кенжебек Бокоев акыркы күндөрү кызуу кызмат кылууда. Анткени социалдык тармактардын баарына катталып, ар бир ой-максатын ачыкка чыгарып жазып, окурмандар менен тыгыз байланышта болуп келүүдө. Кечээ, 20-майда аталган депутат, учурда камакта жаткан, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевди Фейсбук баракчасы аркылуу куттуктап, постундагы сүрөткө Өмүрбек Бабановдун сүрөтүн койгон. Депутаттын мындай кадамынан кийин, мурдагы кесиптеши Өмүрбек Бабановду "каттуу" сагынган го деген ой кетти.

Баса, депутаттын мурдагы депутатка Өмүрбек Текебаевди куттуктаган постун сунуш кылабыз:

Урматтуу Өмүрбек Токтогулович, сизди бүгүнкү туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздин мекенге болгон берилүүңүздү, чексиз сүйүүңүздү эл билет жана чын ыкыласыңыз менен өлкөбүздү өнүктүрүп, өстүрүп, өзгөртөм, олуттуу реформаларды жасайм деген ой-максаттарыңыз ишке ашат деп терең ишенем!

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чың ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, бакубатчылык каалайм!

Урматтуу мекендештер! Өзүңүздөр жакшы билгендей Өмүрбек Бабановго карата саясий буйруктун негизинде, шайлоодо сүйлөгөн сөзү үчүн гана негизсиз кылмыш иши козголгон.

Бабановго президенттик шайлоодо 600 миңге чукул адам ишенип добуш берген, демократиялык жолдон тайбайбыз десек, анда ага жана башка саясатчыларга карата саясий "КУУГУНТУК" токтошу керек! Өмүрбек Токтогулович эч качан бийликти басып алам деп айткан эмес жана анын андай ою да жок болчу. Өлкөдө 2 жолу революция болду, бирок анын экөөнө тең Бабановдун тиешеси жок. Ал кишинин өзүнүн сөзү бар, «Мен эч качан бийликке революция аркылуу келбейм» деген. Өмүрбек Бабановго карата коюлган дооматтар чындыкка жакындабайт, бийликти күч менен басып алат деген айып туура эмес, буга эч ким ишенбейт!

Мен ойлойм, өлкөдөгү акыркы позитивдүү саясий өзгөрүүлөрдүн негизинде, сөзсүз түрдө саясий куугунтукта жүргөн саясатчылар акталат деп, деп жазган депутат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости