www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-июнда Акипресс маалымат агенттигинде жыйын берген экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын билдирүүсү боюнча Сактан Келдибаев, Ыргал Кадыралиева жалган маалымат тараткандыгы үчүн үстүнөн прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы жазып чыкты.
Ыргал Кадыралиева, маалымат жыйында, ЖК депутаты Сактан Келдибаевди Россия Федерациясынын жарандуулугу бар экендигин жана соттолгон деп айтып чыккан.
Эл өкүлү Сактан Келдибаев, "менин аброюма шек келтиргендиги үчүн Ыргал Кадыралиева, жоопко тартылат деп ишенем. Андыктан прокуратурага арыз жаздым" деп билдирди.
Ыргал Кадыралиеванын Билдирүүсүнөн кийин БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов, ЖК депутаты Сактан Келдибаевде Россиянын жарандыгы жок экендигин айтып чыкты.
Белгилей кетсек, ЖК депутаты Сактан Келдибаев буга чейин бир канча жолу мигранттардын жана жергиликтүү калктын көйгөйүн көтөрүп, жардам кылып келген.
Булак: NazarNews.kg