www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети ЖМК тууралуу жаңы мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Документти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеген. Анын автору азыркы мыйзам эскирип, интернет кеңири жайылган замандын талаптарына жооп бербей турганын айткан.

Жаңы мыйзамга "веб-сайт" деген түшүнүк киргизилип, бардык ЖМКлар мамлекеттик каттоодон өтүшү зарыл. Демилгечилердин айтымында, мындай нерсе өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керек.

Мындан тышкары, маданият министри Кыргызстанда фейктерди "кармай" турган мониторинг борбору түзүлөрүн айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости