www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.
Бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берген Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гульнура Джуматаева: "2019-жылы Социалдык фонддун жалпы кирешеси 53 млрд 843 млн сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 2 млрд 829,3 млн сомго көбөйдү. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айтсак, 2019-жылы 32 млрд. 399,4 млн сом болуп, белгиленген пландык тапшырма 98% аткарылды. Ал эми республикалык бюджеттен милдеттүү түрдө 21 млрд 34 млн сом бөлүндү. Ошондой эле туумдардан, айыптардан, күнүмдүк калдыктардын пайыздарынан, дивиденттерден жана башка ушул сыяктуу булактардан 404,6 млн сом киреше алынды", - деди.
Андан тышкары, Социалдык фонддун бюджетинин жалпы чыгымдары 53 млрд 506,3 млн сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 3 млрд 196,6 млн сомго көбөйгөнүн айткан Гульнура Джуматаева: "Пенсиялык фонд боюнча бардык чыгымдар 49 млрд 131,7 млн сом көлөмүндө аткарылып, 2018-жылга салыштырмалуу 3 млрд 35,6 млн сомго көбөйдү. Бул пенсионерлердин жалпы санынын өсүшү менен шартталат. Анткени, 2019-жылы пенсионерлердин саны кескин түрдө өстү. Алсак, үч-төрт жыл мурун 15-16 миң гана пенсионер кошулса, быйыл 20 миңге өсүш болду. Мында 1-октябрдан тарта пенсиянын жогорулатылгандыгын да эске алуу зарыл", - деп кошумчалады.
Жыйында айтылгандай, пенсиянын орточо өлчөмү 5 786 сомду түзгөн, анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом өлчөмүндө белгиленип, 100 сомго жогорулаган.
Талкуу маалында депутат Абдывахап Нурбаев тармакта бюджет толтурулбай калгандыгын сынга алып: "Социалдык фонддун бюджети бул мыйзам. Эгер ал аткарылбаса, мыйзам бузулат. Буга кандай чара көрдүңөр?" - деп сурады. Ал эми Салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиев өткөрүлгөн коллегияда аталган маселе каралганын, бир катар жетекчилер жаза чаралары колдонулаганын маалымдады.
Булак: NazarNews.kg