www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жүк ташуучу унаа чиркегичтери үчүн стандартка ылайык жаңы мамлекеттик номурлар чыгарыла баштады. Бул тууралуу КР ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстандын аймагында узундугу 280, туурасы 200 болгон жүк ташуучу чиркегичтерге мамлекеттик номурлардын стандарты бар.
"Бирок жүк ташуучу чиркегичтердин ээлери бекиткичтерин өзгөртүүгө же мамлекеттик номурун бүгүүгө аргасыз болот, бул транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине ылайык мыйзам бузуу болуп саналат. Буга байланыштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси тарабынан улуттук стандартка ылайык келтирүү максатында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизген", - деп айтылат билдирүүдө.
Эми жаңы иштелип чыккан стандартка ылайык, узундугу 520 мм жана бийиктиги 112 мм болгон номурдук белгилер даярдалып чыгат.
2023-жылдын 17-апрелинен тарта жүк ташуучу чиркегичтердин ээлери жүк ташуучу чиркегичтердин номурларын жаңысына алмаштыруу арызы менен "Унаа" мекемесинин каалаган аймактык бөлүмүнө кайрыла алышат.
Булак: NazarNews.kg