www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суданда армия менен Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн (RSF) отряддарынын ортосундагы кагылышууда 97 адам набыт болду, деп билдирет Рейтер агенттиги Судандын дарыгерлер союзуна таянуу менен. Анын айтымында, 365 адам жаракат алган.

Буга чейин Al Hadath телеканалы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматына шилтеме жасап, 86 курман болуп, 1126 адам жаракат алганын билдирген.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ошондой эле эскалация башталганга чейин медициналык мекемелер алган дары-дармектер дээрлик түгөнүп калганын жана борбор шаар Хартумдагы коопсуздук көйгөйлөрү дарыгерлердин дарыланууга муктаж адамдарга баруусуна тоскоолдук кылганын билдирди.

Буга байланыштуу уюм чыр-чатактын катышуучуларын “саламаттыкты сактоонун бейтараптыгын урматтоого” жана жабырлануучуларга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого чакырды.

Кечээ, 16-апрелде Судандын Дарыгерлер биримдигинин маалыматы боюнча, 56 адам каза болуп, 595 жарадар болгон.

Армия менен Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы кагылышуу 15-апрелде башталган.

Чыр-чатактын негизги себеби - Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн армиянын курамына кирүүнү каалабагандыгы.

Судандагы саясий кризис бир нече жылдан бери уланууда. Биринчиден, мамлекетти 30 жыл башкарган президент Омар ал-Башир бийликтен четтетилди. Аскердик төңкөрүштөн кийин өлкөнү Убактылуу эгемендик кеңеш жетектеп келет. Жарандык өкмөт таркатылып, өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы карама-каршы турган түзүмдү таратуу тууралуу жарлык чыгарды. Ал эми БУУнун Коопсуздук кеңеши тараптарды ок атышууну токтотуп, тынчтык диалогго кайтууга чакырды.

Хартумдан салгылашуулар өлкөнүн башка аймактарына да жайылып, Түндүк Дарфур штатында да абал курчуду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости