www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ОДКБ) 2026-жылга пландалган биргелешкен аскердик машыгуулардын мөөнөтү жана өтүүчү жерлерин жарыялады.
Уюмдун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюковдун маалыматына караганда, машыгууларга 5 миңден ашуун аскер кызматкери жана миңден ашык аскердик техника тартылат.
Сентябрда Орусияда «Взаимодействие» жана «Эшелон» машыгуулары өткөрүлөт. Ал эми 13–18-сентябрда Казакстанда «Рубеж», октябрдын ортосунда Беларусияда «Нерушимое братство» командалык-штабдык машыгуусу өтөт.
ЖККУ өкүлдөрү бул иш-чаралар алдын ала пландалганын жана үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбаганын билдиришти. Машыгуулардын негизги максаты – уюмга мүчө мамлекеттердин аскердик башкаруу органдары менен күчтөрүнүн биргелешкен аракеттерин күчөтүү.