www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал токтошу керек, абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарыл", - деп билдирди Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась. Бул тууралуу Интерфакс маалымат агеттиги жазды. 

--"ЖККУ аталган жаңжал токтошу керек деп эсептейт. Аны тынчтык жолу менен чечүү зарыл. Бул жаңжалды жөнгө салуу боюнча зарыл болгон бардык чаралар көрүлүп жатат”, - деди Зась.

Анын айтымында, ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы абалды кылдат иликтеп жатат.

Уюмдун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов "бүгүн Душанбеде жүргөн ЖККУнун башкы катчысы Тажикстан менен Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчылары Насрулло Махмудзода жана Рыскелди Мусаев менен кырдаалды талкуулады" деп белгиледи.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Эскерте кетсек, ЖККУга Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости