www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 8-февралдагы жыйыны Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу 1 мүнөттүк аза күтүү менен башталды.
Парламент төрагасы Нурлан Шакиев боордош Түркиядагы зилзаладан каза болгондордун саны 6 миңге жакындап калганын билдирди. Анын айтымында бул абдан кейиштүү жагдай.
"Биз парламенттин атынан түрк парламентине көңүл айтуу жөнөттүк. Андыктан урматтуу депутаттар, бүгүнкү жыйналышты Түркиядагы курмандыктарды эскерүү менен баштасак туура болот", - деди Шакиев.
Эске салсак, 6-февралдын таңында Түркияда жана Сирияда күчү 7,8 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө катталган. Акыркы маалыматтарга караганда эки өлкөдөгү курмандыктардын саны 7 миңден ашты.
Булак: NazarNews.kg