www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк корпорациялар өз бизнесин Орусияда улантуунун "жол-жобосун" таап алышты. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, дүйнөлүк ири компаниялар Орусиянын аймагында ишмердүүлүгүн дээрлик токтотуп, күнүмдүк турмушка керектүү, өтө зарыл товарларды гана чыгараарын убадалаган. Бирок авторлор ошол эле ишканалар бүгүнкү күндө абаны тазалагыч, сакал алгыч, косметика, бал муздак сыяктуу товарларды ээн-эркин чыгарып жатканын айтууда.
"АКШ жана европалык ишкерлерди өздөрүнүн саясатчылары Орусияда иштебегиле деп катуу кысымга алып жатат. Бирок алар "эң зарыл товарлардын" тизмесин кеңейтип алып, ишин улантууда", — деп айтылат кабарда.
Эске салсак, Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улут аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөө киргизген. Жада калса, Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле, Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон. Ошол эле учурда серепчилер Батыш орусиялык чийки заттан баш тартса, өздөрү бир топ зыянга учураарын айтат.
Булак: NazarNews.kg