www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окумуштуулар алдын ала айтуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон атактуу болгар Баба Ванганын пайгамбарлыгын ачышты. Кеп 2022-жылы Орусияга каршы кутум жөнүндө болуп жатат. Эксперттердин айтымында, коркунучтуу пайгамбарлык эки өлкөнүн Орусияга каршы биригүүсү тууралуу айтылат. Бирок Россия Федерациясынын аймагы бир топ чоң, ошондуктан, Москва бул тирешүүдөн коркпойт, деп баса белгилейт изилдөөчүлөр.
Орус мамлекетин каратып алгысы келген өлкөлөр суу менен бөлүнүп, кутум максатындагы жолугушуулар тымызын өткөрүлөөрү кыйытылган. «Орусия алардын эки жүздүү экенин көрөт», - деп айткан болгариялык Ванга өзүнүн прогнозунда.
Окумуштуулар, ошондой эле, Ванганын 2022-жылга карата «космостук» пайгамбарлыгын чечмелеп беришти. «Ай өзүнүн көмүскө жагын көрсөтөт, бүт дүйнө көргөндөрүнөн үрөйү учат, адамдар муну мурда эч ким көргөн эмес деп ойлойт. Бүткүл дүйнө карап, титирейт», - деп айтылган.
Адистердин айтымында, сөз Жердин жападан жалгыз табигый спутниги – Айды иштетүү жөнүндө болуп жатат. Бүгүнкү күндө эл аралык аренада андагы ресурстар үчүн катуу атаандаштык жүрүп жатат, дейт алар. Изилдөөчүлөр 2022-жылдын май айында Орусия «Луна-25» автоматтык планеталар аралык станциясын учурууну пландаганы бар.
Булак: NazarNews.kg