www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга каршы санкцияларды жарыялап жатканда, анын кесепетин унутпашыбыз керек. Мындай пикирин Германиянын канцлери Олаф Шольц билдиргенин РИА Новости жазды. «Кеп кыска мөөнөттүү чектөөлөр гана эмес, узакка созулган тирешүү тууралуу болуп жатат. Андыктан, Германия мурдагы позициясынан жазбайт. Биз өзүбүздү гана ойлогон жокпуз. Европада Орусиянын мунайына, газына, көмүрүнө бизден дагы көбүрөөк көз каранды өлкөлөр бар. Аларды орто жолго таштап койбошубуз керек», — деди канцлер.

Шольцтун айтымында, Европа жана анын өнөктөштөрү Орусияга каршы жарыялаган санкциялар буга чейинки чектөөлөрдүн эң катаалы. Орусиянын экономикасы бир топ жабыркап, жыйынтыгы башкалар үчүн дагы өтө өкүнүчтүү болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, буга чейин немец бийлиги учурда Орусиядан алынчу энергия булактарынан баш тартпай турууга чакырган. Бирок абал негативдүү сценарий менен өнүксө, айласыздан чара көрөрүн кошумчалаган.

Шольц санкциялар аны жарыялаган өлкөлөрдүн өзүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтып, арыдан бери болууга үндөгөн.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.

Ал тургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.

Ошол эле учурда серепчилер Батыш орусиялык сырьёдон баш тартса, өздөрү бир топ зыянга учурарын айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости