www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Демократия кээ бир саясатчылардын, окумуштуулардын жана эксперттердин оозунан кыргыздар жаңы демократияны гана үйрөнө баштады, ал эми 2005-жылы мартта, 2010-жылы апрелде жана 2021-жылы октябрда болгон окуялар демократиянын ачуу сабактары дегенди угабыз.

- Эмне үчүн кыргыздар ушунча узак 30 жылдан бери демократияны үйрөнө албай келе жатабыз?

- Тарых күбө болгондой, байыркы замандардан бери (афанасьев, андронов, карасук, татар, таштык, курган маданияты) миңдеген жылдары тоолуу шарттарда жашашкан биздин эл социалдык жана мүлк жагынан дайыма теңчиликте жашашып, жерге бирдей мамиле кылышып, адамдарды кулчулукта кармашпай, падышанын, императордун, хан менен эмирдин бийлигин билишпей ХХ кылымга чейин жашап келишкен.

Эми болсо ХХI кылымда алар эки миң жыл кулчулукта жашашкан, андан соң феодалдарга көз каранды болуп, акыркы мезгилдерде капиталисттердин кол алдында 14 саат боюу жалданып иштегендерден демократияны үйрөнүш керекпи? Аларды монархтар жана чиркөө башкарышып, орто кылымдарда инквизациянын айынан 3 миллион адамды тирүүлөй өрттөп жиберишкен.

- Чынына келсек кыргыздар азыркы заманбап демократиянын шартында жашай алышпайт. Эмне үчүн?

- СССР тараган соң кыргыздарга чоочун, батышчыл, демократиянын буржуазиялык моделин таңуулай баштады (алсак партиялык шайлоолор). Жыйынтыгында бардык бийлик 5-7 алдамчы, коррупционер, бүлүндүргүч, саясий ач көз, алкы бузуктардын колунда калды. ( 2007 жылдан 2020 жылга чейин). Парламентаризм жана демократия аталышканы менен элди кемсинтип, басынтып, бир көзүнөн жаш, бир көзүнөн кан алып келишти.

Президент да, парламент да жана өкмөт да Контитуция боюнча эч нерсеге жооп беришпей келишти. Кыргыздар өз тарыхын өздөрү билбей калышканына күнөөлүү болушту, аларды өз тарыхынан, өзүнүн ата-тегинин накта демократиясынан алыстатышты.

- Кыргыздын демократиясы менен заманбап демократиянын эмне айырмасы болгон?

- Эгер бий менен бек калыстыгы жок болсо, биздин ата бабалар тезинен алмаштырып, ордуна башкаларды коюшкан. Ошондон улам «туура бийде тууган жок, туугандуу бийде уят жок» - деп келишкен. Отурукташкан эл көчүп жүргөн тоолук элдерге караганда өз жерине бекем байланып калган.

Уруу маселеси да отурукташкан элдерде чоң мааниге ээ болбой калат. Адам отурукташкан турмушка тез эле көнүп кетет, анткени экстремалдуу шарттарын оорчулугун тарткысы келбей калышат.

Адамдар өзүнүн күнүмдүк керектөөсүн канааттандырган соң, жакшы турмушка ыңгайлашып алышат да, байыгысы келе баштайт, андан да ченемсиз, ошону менен бирге алардын моралдык жактан бузулушуна алып келет. Ушул жагымдуулук, байлык, эң сонун жашоо отурукташкан адамдарды көчмөн жашоо образы менен жашагандардан алыстата баштайт.

Көчмөн калк арасында накта элдик башкаруу жана нагыз демократия күч алат. Мүлктүк теңсиздиктен улам отурукташкан элдерде мындай демократия деграция тез учурап, анын тарпы чыгып калат. Атка минердердин коррупция жолуна түшүп кеткендеринен улам, ХХI кылымда бийликчил массалык маалымат каражаттарынын элди алдоого өткөнүнөн улам каяктагы чыныгы демократияны айта алабыз?

- Акыркы мезгилде Кыргызстанда, мисалы, акыркы он жылда, референдумдар, парламенттик жана президенттик шайлоолор жалпы калктын 35-45% гана катышканын эл билет. Мына азыркы демократиянын жүзү? Арийне, парламенттин депутаттарын да, президенттерди да эл шайлайт. Бул демократия эмеспи?

- Биринчиден, нагыз демократия – бул бир гана шайлоо эмес, андан тышкары президенттин жана депутаттардын ишмердигине эл тарабынан акыйкат баа берип туруу керек. Жөн гана баа бербей эгер алар өз убадасына турбай калганда бошотуу мүмкүнчүлүгүн берүү керек.

Экинчиден, мамлекеттик аппарат жана БШК шайлоонун жыйынтыгын өздөрүнө каалагандай оңдошуна жол бербеш керек жана ар кандай жол менен шайлоого кийлигишпеш керек. Эгер демократиянын ушундай шарттары аткарыла турган болсо, акыркы отуз жылдагы эгемендүү заманда президент жана анын жакындары тарабынан Кыргызстанда 30 миллиард доллар, Казакстанда 150 млрд доллар уурдалмак эмес.

Ушунун бары батышчыл, буржуазиялык моделдеги демократиянын кесепети (көчмөн калктарда мындай эч качан болгон эмес). Демократиянын буржуазиялык формасы 6 миллиард калкты «кулга» айлантып, ал эми бир миллион олигархтарды, президенттерди, мамлекеттик атка минерлерди, король жана «монархтарды» ХХI кылымдын «кул ээлөчүүлөрүнө» айлантты.

Дастан Сарыгулов, саясатчы, экс-мамлекеттик катчы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости