www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө президентинин өзүнчө кеңсесинин курулушу быйыл бүткөрүлөөрүн 22-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Бул тууралуу ал Чүйдө лифт чыгаруучу алгачкы кыргызстандык ишкананын ачылышында сүйлөп жатып айтты:

«Биз азыр курулушун баштап, бир жыл ичинде бүткөрөбүз деп үмүт кылып жаткан президенттин кеңсеси да, шаардын өйдө жагына көчүп жаткан өкмөттүк комплекс да өзүбүздө жасалган лифттер менен жабдылышы керек деп сунуш кылып жатабыз».

Өндүрүш кубаттуулугу бир жылда 500 даана жабдык чыгарууга эсептелген SKY Industrial ишканасы Бишкектеги лифттерди мамлекеттик-жеке кызматташтык негизинде жогорку технологиялык жаңы форматка өткөрүүгө да даяр экенин билдирүүдө.

Кыргызстанда президенттин өзүнчө кеңсеси жок. Азыр президенттик аппарат өкмөт менен чогуу бир имаратта иштөөдө. Буга чейин ал Жогорку Кеңештин имаратында жайгашчу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости