www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Германиянын тамак-аш өнөр жайы экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери мындай оор каатчылыкка биринчи ирет дуушар болууда. Өлкөдө тамак-аш тартыштыгы жаралуу коркунучу бар. Бул тууралуу Die Welt гезитине таянып РИА Новости жазды.

Басылма белгилегендей, Германияда азык-түлүк өндүргөн ишкерлер газ, электр энергиясы кымбаттаганына байланыштуу ишмердүүлүгүнө коркунуч жаралып жатканын эскертип, мамлекетти каржы жаатында колдоо көрсөтүүгө чакырышкан.

"Германияда элди күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылууда азык-түлүк тартыштыгы жаралат деген коркунуч бар. Билинбеген менен кырдаал опурталдуу", — деп жазылган макалада.

Германиянын өкмөтүнө кайрылган ишкерлер абал күн сайын начарлап баратканын айтып, айрымдары банкрот болуу ыктымалдыгына азыртан эле даярданып жатканын эскертишкен. Авторлордун ою боюнча, финансылык колдоонун жоктугунан жакын арада супермаркет жана дүкөндөрдө текчелер бош калышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости