www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германия НАТО менен Орусиянын ортосунда боло турган согушка даярданып жатат деген маалыматты Бундесвердин жашыруун документине таянып Bild басылмасы кабарлагандыгын РИА Новости жазды.
Маалыматта кагылыш Германиянын Коргоо министрлигинин сценарийи менен 2025-жылдын соңунда башталары айтылган.
"Бундесвердин жашыруун документине караганда, кайсы бир күнү НАТОнун кол башчысы 300 миң аскерди Чыгыш флангына жайгаштырууга буйрук берет. Анын ичинде Бундесвердин 30 миң жоокери болот", — деп айтылган анда.
Басылма тирешүү 2024-жылдын февралында Киев күчтөрүнүн позицияларына Россиянын активдүү кириши менен башталып, ушул эле жылдын июнь айында украин армиясынын чегинүүсү менен аяктай турганын жазган.
"Орусия менен Батыштын аракеттери кайда жана кайсы айда жүрөрүнө чейин так сүрөттөлүп (сценарийде ред.), анын кульминациясы — НАТО жүздөгөн аскерлерди жиберери жана 2025-жылдын жай айларынын башында согуштан качууга мүмкүн болбой калары белгиленген", — деп айтылат макалада.
Кагылышуу Беларусь менен Калининград облусундагы Сувалки коридорунда болору болжолдонууда. Макаланын авторлору айтылып жаткан бул тирештин качан бүтөрү туурасында жазган эмес.
Орусия НАТОнун бир дагы өлкөсүнө кооптуулук жаратпастыгын, бирок анын кызыкчылыгына коркунуч келтиргендерди көз кырынан чыгарбастыгын бир канча ирет белгилеген. Муну менен катар эле бирдей укукта, теңтайлаштыкты сүйлөшүүгө, диалогго ачыктыгын, ал эми Батыш континентти милитаризациялоо багытынан баш тартышы керектигин айтып келет.
Булак: NazarNews.kg