www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия жооп кайтарат деген чочулоодон улам НАТО Украинадагы кырдаалга аскердик жактан кийлигише албайт. Бул тууралуу жергиликтүү American Thinker журналындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Автордун пикиринде, Түндүк атлантикалык альянстын аскерлери катышкан согуштук аракеттерге Орусия тараптын реакциясы "жакшылык алып келбейт".
"Аскердик көз караш менен караганда, НАТОнун Украинага кириши мүмкүн эмес. Согуш бүткүл Европадагы альянстын инфраструктурасына катастрофалык зыян алып келет жана миңдеген аскерлер курман болот", — деди Хантер.
Ошондой эле Орусиянын артиллериялык жана авиациядагы артыкчылыгы Чыгыш Европадагы аба мейкиндигин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берери айтылды.
"НАТОнун бригадалары жана дивизиялары алдыңкы линияга жеткен күндө да, алар Орусия армиясы тарабынан жок кылынат. НАТО Европада Орусия менен кагылыша турган болсо өзөктүк куралсыз жеңишке жетиши күмөн. Альянстын толук жеңилип калышы толук ыктымал", — деп жазылат макалада.
Март айынын башында Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинадагы окуяларга байланыштуу Германия, НАТО жана башка өлкөлөр аскерий кийлигишүүнү пландабаганын билдирген.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Булак: NazarNews.kg